Ош шаарынын «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында биринчи жолу чоң көлөмдөгү курмандык иш-чарасы болуп өттү. Анда аймакта жашаган жетим-жесир жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө эт таратылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, «Амир-Тимур» МАБнын жетекчиси Хамидулла Исмаилов, аймактагы мечит имамдары жана жергиликтүү аксакалдар катышты.
Курмандыка Ош шаардык мусулмандар казыяты жана жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан 1 төө, 2 бодо жана 5-6 кой курмандык чалынды. Казы өз сөзүндө элди биримдүүлүккө жана сабырдуулукка чакырды.
«Урматтуу мусулман бир туугандар! Азыркы учурга байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо үчүн Курмандыктын эттерин муктаж үй-бүлөлөргө жеткирип берүү милдетин аткаруудабыз. Биз биримдикте болсок, ар кандай кыйынчылыктарды жеңе алабыз. Сабыр кылыңыздар. Анткени Аллах сабырдууларды жакшы көрөт», -деди Убайдулла ажы.