Убайдулла ажы Сарыбаев: Биз биримдикте болсок, ар кандай кыйынчылыктарды жеңе алабыз

Ош шаарынын «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында биринчи жолу чоң көлөмдөгү курмандык иш-чарасы болуп өттү. Анда аймакта жашаган жетим-жесир жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө эт таратылды.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, «Амир-Тимур» МАБнын жетекчиси Хамидулла Исмаилов, аймактагы мечит имамдары жана жергиликтүү аксакалдар катышты.

Курмандыка Ош шаардык мусулмандар казыяты жана жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан  1 төө, 2 бодо жана 5-6 кой курмандык чалынды. Казы өз сөзүндө элди биримдүүлүккө жана сабырдуулукка чакырды.

«Урматтуу мусулман бир туугандар!  Азыркы учурга байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо үчүн Курмандыктын эттерин муктаж үй-бүлөлөргө жеткирип берүү милдетин аткаруудабыз. Биз биримдикте болсок, ар кандай кыйынчылыктарды жеңе алабыз. Сабыр кылыңыздар. Анткени Аллах сабырдууларды жакшы көрөт», -деди Убайдулла ажы.