Кочкордун Чолпон айыл өкмөтүндө 9 бодо мал союлуп, эти муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

Курман айт майрамына карата кан чыгарып, курмандык чалуу иш-чарасы Нарын облусунун Кочкор районунун айрым айылдарында дагы өткөрүлдү.

Анда райондун акими Темирболот Абикеев, баш имам хатиб Жеңишбек ажы Арзымкожоев кайрымдуу инсандардын демилгеси менен жергиликтүү элдин катышуусунда курмандык чалынды.

Курмандык Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Чолпон айылында 9 бодо мал, Молдо-Кылыч айылында 2 бодо мал, Исакеев айылында 1 бодо мал жана майда жандыктар дагы союлду. Анын эти жергиликтүү тургундар арасында жардамга муктаждарга 5 кг салынган баштыкчада таратылып берилди.

Мындай иш-чараны колго алган демилгечил жаштар курмандык чалууну эстафета катары башка дагы айылдар үлгү алып жыл сайын өткөрсө болоорун баса белгилешти.