Чүй облусу боюнча жер-жерлерде курмандык чалынып, эттери муктаждарга таратылды

Ыйык Курман айт майрамына карата Чүй облусу боюнча жер-жерлерде курмандык чалынып, эттери муктаждарга таратылды.

Кайрымдуулук иш-чаралар Чүй казыяты жана райондук хатибияттардын демилгелери менен уюштурулуп, колунда бар мекендештер жана кайрымдуулук фонддор демөөрчүлүк кылышты.

Чүй казыятына райондук хатибияттардан келген маалыматтарга ылайык, хатибияттардын бардыгында бодо мал, кой жана эчкилер союлуп, эттери жеринде жана атайын тизмеге катталган муктаж үй-бүлөлөргө таратылган.

Өзгөчө кайрымдуулук кылган фонддорду белгилеп кетсек: «Ас-Салам», «Адеп Башаты», «Смарт Дженерейшн», «Түрк элчилиги», «Катар Хайрия», «WAMY» ж.б

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Жайыл, Токмок, Панфилов, Москва, Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондоруна курмандык чалуу боюнча акчалай каражаттар бөлүнүп берилди.

Акчалай каражаттар Жайыл районунун 11 айыл өкмөтүнө, борбордук мечит жана райондук хатибиятка 130 000 сом.
Панфилов районунун 6 а/өкмөтүнө жана хатибиятына 70 000 сом.
Москва районунун 12 а/өкмөтүнө 110 000 сом.
Аламүдүн районунун 17 а/өкмөтүнө 160 000 сом.
Токмок шаарына 10 000 сом.
Сокулук районунун 19 а/өкмөтүнө 190 000 сом.
Ысык-Ата жана Кант хатибияттарынын 18 а/өкмөтүнө 160 000 сом.
Чүй районунун 10 а/өкмөтүнө 100 000 сом.
Кемин районунун 12 а/өкмөтүнө 119 400 сом.
Жалпысынан 1 049 400 сом бөлүндү.

Бөлүнгөн каражатка ар бир айыл өкмөттөгү имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте курмандыкка жандык алышып, анын эттерин муктаж үй-бүлөлөргө таратышты. Жалпысынан бөлүнгөн каражатка 120 кой алынган.

«Ушундай Ыйык күндөрдө жалпы элди ойлоп, Кудай Тааланын ыраазылыгын үмүт кылып, курмандык чалган ар бир жарандын ниеттери кабыл болсун. Чалынган курмандыктардын берекетинен мамлекетибиз башына түшкөн сыноодон арылып, бейкуттукта көчүн улантсын», — деп Чүй казыятынын басма сөз кызматы.