Бишкектеги «Аиша» мечитинин жамааты 70 үй бүлөгө курбандык этин таратты

1-август күнү Бишкек шаарындагы «Айша» мечитинин жамааты Курбан айт майрамына карата 70 үй бүлөгө эт таратып берди. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Мансурхан ажы Нарматов билдирди.

Анын айтымында мечит жамааты Курбан айт күнүнө карата бир чоң баш бодо малды курмандыкка чалышкан.

«Курбан айт мусулмандардын эң улуу майрамдарынан болуп эсептелет. Бул күнү мусулмандар бири-биринин көңүлүн көтөрүп, жакшы сөздөрүн айтуусу керек. Биз да жамаатыбыз менен уюшуп, муктаж үй-бүлөлөргө Курмандык этинен таркаттык. Азыркыдай кырдаалда ар бир үй-бүлөөнүн казанында жок дегенде бир жолу эт менен ысык тамагы болуп, бала чакасынын көңүлү көтөрүлсө, биз үчүн чоң кубаныч болот»,- деди Мансурхан ажы.