Дмитриевка айылында 3 бодо мал союлуп, эти муктаждарга таратылды


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында курмандык катары 3 бодо мал союлуп, эти айыл ичиндеги муктаждарга, Кант шаарындагы медицина кызматкерлерине жана жетим-жесирлерге таратылды.

Бул иш-чара айыл тургуну Колдошбек Матмуратов аттуу жигиттин демилгеси менен ишке ашып, аталган 3 бодо мал 21 кишинин каражатына алынган.

Курмандыка союлган малды таратууда Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков өзү көзөмөлдөп, этти бөлүштүрүп таратуу үчүн имамдар кызмат кылышты.

«Курман айт күнү эң эле соопту жана баалуу амал – бул курмандык чалуу болуп саналат. Ушундай учурда өз элин ойлоп, жардам көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирем. Курмандык үчүн Жараткан канча жакшылыктарды убада кылган болсо, эч бирин кемитпестен насип кылган болсун! Жалпыңыздардын Айтыңыздар маарек болсун», — деди баш имам хатиб Бактыбек ажы Убабеков.