Ысык-Ата райондук хатибиятынын демилгеси менен Курман айт майрамына карата муктаждарга азык-түлүк жана эт таратылды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка жана Сын-Таш айылдарында Ыйык Курман айт майрамына карата кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Аталган соопту иш-чара Ысык-Ата хатибиятынын демилгеси менен уюштурулуп, ага айыл аймак башчылары көмөк көрсөтүштү. Ал эми райондогу имамдар Идир Юбуров жана Фадик Лиров өз туугандары менен демөөрчүлүк кылышкан.

Иш-чара алкагында жалпысынан 130 000 сомдук азык-түлүк жана 20 койдун эти, 65 үй-бүлөгө тапшырылды. Ар бир үй-бүлөгө 25 кг ун, 5 кг макарон, 5 л суу май, 5 кг күрүч, чай жана 4 кг эт берилди.

«Ушундай Ыйык майрам күнү жалпы элге жылмаюу тартуулап, бир аз болсо да күнүмдүк муктаждыгын орундаткан имамдарыбыздан Аллах ыраазы болсун. Иш-чарага чогулган элдер ыраазычылыктарын айтышып, баталарын беришти», — деп баш имам хатиб Бактыбек ажы Убабеков.