Баткен облусунда 500 дөн ашуун мал курмандыкка чалынып, эти элге таратылып берилди

Баткен облусунун аймагында ыйык Курман айт майрамынын урматына курмандык чалуу жөрөлгөсүн уюштуруу иштерин бул ирет да  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалгы, Баткен облустук мусулмандар казыяты жана башка кайрымдуулук фонддор жана жеке ишкерлер менен биргеликте  уюштурулду.

Иш-чара алкагында курмандыкка чалынган мал эттери, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, учурдагы кырдаалга байланыштуу ооруканаларга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Жалпысынан облуста курмандыкка чалынган бодо жана кичи малдын саны 500дөн ашты. Мындан сырткары эл арасында өз алдынча курмандык кылган жарандар жүздөп саналат.

Белгилей кетсек, кечээ Курман айт майрамынын урматына курмандык чалуу иш-чарасына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, облустун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, ж.б. жетекчилер, аксакалдар катышты.

Алар буга чейин жана кооптуу илдеттен көзү өтүп кеткен жарандарыбыздын рухтарына багыштап Куран окуп, жергебизге тынчтык, элибизге амандык тилеп баштап беришти.