КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Курман айт майрамы белгиленди

Кечээ, 2-август күнү Кыргызстан Мусулмандарынны Дин Башкармалыгы тарабынан Москва шаарында эмгектенген мекендештердин катышуусунда Курман айт майрамы белгиленди.

Курман айттын урматына кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү менен 20 га жакын союш союлуп, анын эти Орусияда жашап, эмектенген мекендештерге таратылып берилди.

Мындан тышкары жалпы мекендештер арасында Ислам динин асыл баалуулуктары жана Пайгамбарлардын өмүр баяны туурасында суроо-жооптор болуп, анда мыкты жооп бергендерге китептер белекке берилди.