Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Курман айт майрамында спорттук оюндар өткөрүлдү

Кечээ, 2-август күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Москва шаарында эмгектенген мекендештердин катышуусунда Курман айт майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев билдирди.

Анын айтымында, Москвадагы жамаат менен уюштурулган иш-чарада бир катар сынактар болду. Анын бири Ислам динин асыл баалуулуктары жана Пайгамбарлардын өмүр баяны туурасында суроо-жооптор болуп, анда мыкты жооп бергендерге акчалай жана китептер, бир айлык окуу курстарына акысыз билим алууга жолдомо берилди.

Мындан тышкары спорттук оюндар, кыргыз улуттук тамак-аш азыктары дагы даярдалып, Орусияда эмгектенген мекендештерге майрамдык маанай тартууланды.

Курман айттын урматына кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү менен 20 га жакын союш союлуп, анын эти Орусияда жашап, эмгектенген мекендештерге таратылып берилди.