Нарын районунда курбандыктар ар бир айылда чалынды

Нарын облусунун Нарын районундагы ар бир айылда Курман айт күнү курбандыктар чалынды. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген акча каражаттарына ар бир айыл өкмөттө айыл имамдары тарабынан курбандыктар чалынган.

«Нарын районунун 8-Март айылында курман айт күнү 5 кой 4 уй курмандык чалынып, эттери айылдын элине таркатылды. Айылдын демөөрчүлөрүнө Аллах ыраазы болсун. Чалынган курмандыктарын Кудайым кабыл кылып, иштерине ийгилик болсун! Нарын районунуна караштуу көптөгөн айылдарында жылда кой эчки курмандык чалып келсе, айыл имамдардын аракети менен бодо мал курмандык чалганга өтүүдө. Аллах элибизди оорудан, балээден сактап, элибизде тынчтык болсун! Курман айт жалпыбызга куттуу болсун»,- деди Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев.