Чүй облусу боюнча 58 бодо мал жана 1 151 кой союлуп, эттери муктаж үй-бүлөлөргө таратылды

Улуу Курман айттын урматына Чүй облусу боюнча казыят жана хатибияттардын демилгелери менен 58 бодо мал жана 1 151 кой союлуп, эттери имамдарга жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.

Айрым райондордо курмандыктын эти менен бирге, күнүмдүк азык-түлүк салынган майрамдык баштыкчалар да тапшырылды.

Мындай соопту иш-чаралар мамлекетибиздеги кайрымдуулук фонддор жана колунда бар мекендештерибиздин курмандыктары себептүү ишке ашып, бир за болсо да колу жука үй-бүлөлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Чүй казыятында 1 бодо мал жана 30 кой союлуп, эттери муктаждарга таратылды.

Райондор боюнча:
Ысык-Ата районунда 4 бодо мал жана 81 кой
Жайыл районунда 5 бодо мал жана 63 кой
Сокулук районунда 350 кой
Чүй районунда 7 бодо мал жана 42 кой
Кант шаарында 2 бодо мал жана 30 кой
Кемин районунда 4 бодо мал жана 50 кой
Москва районунда 9 бодо мал жана 126 кой
Токмок шаарында 2 бодо мал жана 153 кой
Аламүдүн районунда 21 бодо мал жана 181 кой
Панфилов районунда 3 бодо мал жана 45 кой.

Жалпы облус боюнча 58 бодо мал жана 1 151 кой союлуп, эттери таратылды.

«Курман айт күндөрү эң соопту амал – курмандык чалуу болуп эсептелет. Ушул ыйык күндөрү курмандык чалып, кайрымдуулук кылган жарандарыбызга, фонддорго терең ыраазычылык билдиребиз. Жараткан Аллах Таала ар бир жандыктын аккан каны менен ката кемиликтерибиз жуулуп, ар бир түгү үчүн соопторду жазган болсун. Ушундай кылынган курмандыктар себептүү башыбызга түшкөн оор күндөрдөн арылтып, бейкуттукта, ынтымак жана биримдикте мамлекетибиз өнүгө берсин. Жараткан мындан ары да ушундай соопту иштери аткарганга мүмкүнчүлүк берсин», — деп Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов.