Ош облусундагы медресе мугалимдери коронавирус менен курөшүп жаткан дарыгерлер менен бейтаптарга жардам көрсөттү

Ош Облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылдык аймагындагы күндүзгү стационар катары пайдаланылып жаткан «Абдурахман ибн Авф» жана«Абу Ханифа ан-Нуьман ибн Сабит» медреселеринде бейтаптар үчүн медресе мугалимдери мыкты шарттарды түзүп беришкен. Учурда бейтаптар кабыл алынып, сакайып чыгып, үйлөрүнө кайтууда.

«Абдурахман ибн Авф» медресесинин  мугалими Абдуганинин демилгеси менен төмөнкүдөй иштер жасалды.

  1. Үч даана кычкылтек концентратору
  2. Бир даана тепловизор
  3. Эки жүз даана респератор ( беткап)
  4. Он дарыгерге 20000 сом айттык берилди
  5. Эки убак ысык тамак
  6. Бейтаптарга  керектелүүчү даары-дармектер сатылып алынып жеринде тапшырылды.
  7. Алты кой курбандыкка чалынып, эти дарыгерлерге, бейтаптарга жана муктаждарга  таратылды

Кычкылтек концентраторлордон экөө  аталган медреселерге бири жергиликтүү ооруканага тапшырылды.

«Адамдын Өмүрү бардык нерседен кымбат. Адам өмүрүн сактап калуу чоң сооп. Бул жөнүндө Аллах Таала Маида сүрөсүнүн 32- аятында «Кимде-Ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете» деп айткан. Оор мезгилде  бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн  бай барынча жок алынча берешендик кылуу керек», —  деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби  Абдирашит ажы Батыров.