Талас облусунда 110 бодо мал курмандыка чалынды

Улуу Курман айттын урматына Таластагы кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү менен 110 бодо мал курмандыкка чалынды.

Курмандыктын эти медкызматкерлерге, медреселерге, дин кызматкерлерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.

Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, орун басары Медер ажы Сагынбаев, дин кызматкерлер жана шаардын тургундары катышты.

Алар чалынган курмандыктын кабыл болушу үчүн жана өлкөнү каптап жаткан илдеттен тезирээк сакайып, бейпил турмуштун келишин тилеп, бул илдеттен каза болгондордун арбагына багыштап Куран окулуп, дуа кылышты.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башчысы Марат Мураталиев өзү жалгыз бир бодо мал курмандыкка чалды. Ал эми облус казысы Таалай ажы Бапиев курмандыкка катышып демөөрчүлүк кылгандарга ыраазычылыгын билдирип, Жараткан Алла Тааладан ар биринин үй-бүлөсүнө бейпилчилик, ынтымак, мекенибизге тынчтык жана амандык тилеп, батасын берди.