Талас облусунда ардактуу эс алууда жүргөн дин кызматкерлерине курмандык чалынды

Курман айттын урматына Талас облустук казыяты кайрымдуу инсандар менен биргеликте Ислам динин асыл баалуулуктарын жайылтууда эбегейсиз салым кошкон дин кызматкерлери үчүн курмандык чалды.

Айрымдары ардактуу эс алууда болгондуктан, союлган курмандыктын эти казыяттын кызматкерлери үйлөрүнө жеткирип берип, ал абалдары менен жакындан сурап кайтты.

Талас облусунун казынын орун басары Медер ажы Сагынбаев курмандык эң биринчи колу жука үй-бүлөлөргө, андан кийин кары-картаңдарга таратыла турганын баса белгиледи.

«Биздин максат сүйүктүү Ислам дини үчүн кызмат кылгандардын батасын алуу, мамлекетибизге тынчтык бейпилдик тилөө аркылуу Жаратканга жалбаруу. Албетте, курмандыктын этинен ооз тийген ак сакалдардын берген баталары текке кетпейт деп ишенем»,-деди Медер ажы.