Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби жардамга муктаж үй-бүлөлөргө курмандыктын этин таратты

Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев жергиликтүү жаштар менен биргеликте Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “KINDERDORF” “Балдар айылын” зыярат кылып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.

“Ыйык Курман Айтта шаардык жаштар тарабынан 2 бодо жана жеке өзүмдүн атыман 2 кой, андан башка айрым тургундар тарабынан 7 кой курмандыка чалынды. Анын эти “Балдар айылы” балдарды тарбиялоо комплексине жана жардамга муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө таратылып берилди”,- деди Абдыразак ажы.

Ушуну менен катар жакшылык кылуу ар бир инсандын колунан келээрин баса белгилеп, жарандарды кайрымдуу болууга чакырды.