«Вечерний Бишкек» сайты Damla.nl. сайтына шилтеме берип жазган маалымат элди чагымчылдыкка үгүттөп, мусулмандарды басынтууга багытталган

Кечээ, 9-августта «Вечерний Бишкек» сайтына «Таблиги Жамаат». Коркунучтуу динби же саясий таасир куралыбы?-деген аталыштагы атайын чагымчылдыкка үгүттөгөн, мусулмандарды басынтууга жана аларды мамлекетке каршы багыттоо максатын көздөгөн  маалыматты Damla.nl. сайтына шилтеме берип жазды. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкарамалыгы бул айтылган пикирлерди жалган жалаа, ойдон токулган, чагымчылыдык чыгаруу жана куру доомат экендигин эскертет.

Кыргыз Республикасында «Таблиги Жамаат» деп аталган уюм же мекеме расмий каттоодон өткөн эмес. Кыргызстанда даават иштерине тыюу салынган эмес. Кыргызстандагы дааватчылар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан тыгыз көзөмөлдөнүп, Аалымдар Кеңешинин токтомуна баш ийишет. 

Мамлекетибизде  КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан COVID-19 каршы массалык түрдө эмдөө баштала электе эле, пандемия учурунда дааватчылар COVID-19 каршы эмдөөгө үгүт иштерин жүргүзүшүүдө деп такталбаган,  жалган маалыматты жазышкан.

Пандемия учурунда дааватчылар COVID-19 каршы эмдөөгө тескери үгүт иштерин жүргүзүшкөндүгү тууралуу маалымат өлкөнүн бир дагы жеринде катталган эмес.  Себеби,  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эң алгачкылардан болуп коронавиурстун алдын алууда Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде мечит, окуу жайлардын жана даават иштерин абал турукташканча токтотуп, кырдаалдын оорлошуп кетпөөсү үчүн өз милдетин так аткарган.

«Вечерний Бишкек» сайты Damla.nl. сайтына шилтеме берип жазган маалымат Ислам динин баалуулуктарын ашкере каралоо жана Ислам динин тутунган инсандардын дин тутуу эркиндигине шек келтирүү, мамлекетибиздеги диний абалга бүлүк салуу катары көрсөтүү экендиги ачык эле көрүнүп турат. 

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкөбүздөгү эпидемиологиялык абал курчуп кетпөөсү үчүн өзүнүн салымын кошуп, базарларда, маршруттук  таксилерде жана башка жерлерде сакталбаган санитардык эрежени так сакташып, бүгүнкү күнгө чейин диний мекемелерге кирүүдө бардык санитардык эрежелерди бекем кармап келет.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлери карантин мезгилинде демөөрчүлөр менен биргеликте 37 млн сомдук азык-түлүктү таратып беришти. Муну менен катар 11 млн сом фитир-садаканы муктаждарга таратты.   Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы пандемия учурунда 700 орунду мечиттерден жана диний окуу жайлардан обсервация жана стационар катары колдонууга беришти.

«Вечерний Бишкек» сайты Damla.nl. сайтына шилтеме берип жазган маалыматта: «Таблиги Жамаат» коронавирустук инфекциянын зыяндуу таратуучулары,-деп акылга сыйбаган маалыматты беришкен. Бул маалымат атайын чагымчылдык чыгаруу максатында даярдалгандыгы ачык көрүнүп турат.  Себеби коронавирус бир эле Кыргызстанда  эмес бүткүл ааламда жайылып, ал оору менен дүйнө эли жабыркап келүүдө.  Андыктан айрым басылмаларга кайрылаарыбыз, мамлекетибиздин жаркын келечеги, коомубуздун бүтүндүгүнө бүлүк салбай, тастыкталган маалыматтарды гана чыгарууга чакырабыз.