Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында  Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

БИЛИМИ:

1986-1995-жж Орто мектеп.
1995 – 1999-жж Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси.
1999 – 2000-жж Египет мамлекети, “Университетке даярдоо курсу ”
2000 – 2003-жж Аль Азхар Ислам институту.
2003 – 2007-жж Аль Азхар Ислам университети, «Дин негиздери»

2008 – 2010-жж Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр»

ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2007-2008-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.

2008 -2010-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор.

2010 – 2011-жж Нарын облусунун казысы.

2011 -2016-жж Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.

2016- 2017-жж Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.

2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.