Жаңы дайындалган Бишкек шаарынын казысы Замир каары Ракиев казыяттын эмгек жамааты менен жолугушту

Бүгүн, 10-августта жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир каары Ракиев казыяттын жалпы эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушуу алгач маркум Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Маджитовдун арбагына багышталып Куран окуу менен башталды. Андан соң шаар казысы казыяттын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу, кызматкерлер арасындагы ынтымакты бекемдөө, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бериген тапшырмаларды өз учурунда аткаруу сыяктуу бир катар маселелерге токтолуп, эң башкысы бардык берилген тапшырманы биргеликте алып баруу керектигин билдирди.