Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы ФАПка 7 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусунey Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов Кызыл-Токой айылында кайрымдуулук үчүн чогулган акча каражаттын эсебинен жергиликтүү ФАПка медициналык жабдууларды тапшырды.

Тактап айтканда, 5000 сомго ымыркайлардын салмагын өлчөй турган тараза жана 2000 сомго эки даана кан басымды текшерүүчү аппарат алып берди.

Бул каражаттар абдан зарыл болгонун ФАП кызматкерлери бир ооздон айтышып, муктаж болуп келгенин билдиришкен.

“Келечек муундарыбыз саламаттуу чоңойсо экен дейбиз. Дени сак коом бул дени сак өлкө. Балдарды коргоо жылына  жана Курман айт майрамына карата ушул белекти тартуу кылдык”,-деди баш имам хатиб.