Оргочор айылында маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ысырапкерчиликти алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын имамы Догдурбай Алыбаев жергиликтүү тургундарга маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, элге көрүстөнгө эстелик тургузууга, союш сойуп, дасторкон жайып калың элди чакырууга болбой турганын, маркумга Куран окуу менен сообу өтө турганын баса белгиледи.

Мындан сырткары айлдын тургундары менен бирге көрүстөндү тосууга эл жана айыл өкмөт каражат бөлүп, анын негизинде айланасын курчоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү тургундар тарабынан 120 000 миң сом чогулуп жана айыл өкмөтү тарабынан 100 000 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Учурда мазарга бөлүнүп берилген жалпы аянты 20 гектар жердин айланасын курчап жатабыз».-деди айыл имамы Догдурбай Алыбаев.

Жергиликтүү тургундар айыл имамынын айтылган сунуштарын бир ооздоп колдоп, ысырапкерчилик менен биргеликте күрөшүүгө башкаларга жеткирүү негизги максат экендигин билдиришти.