Кара-Суунун Фуркат айылынын жаштары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна «Тез жардам» унаасын жана медициналык каражаттарды тапшырды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында  «Абдыжапар»  мечитинин имамы Абдусами кары Бекмуратов жана жаштардын демилгелери менен Фуркат айылында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна «Тез жардам» унаасы менен медициналык каражаттарды тапшырды.

Иш-чарага «Абдыжапар» мечитинин имамы Абдусами кары Бекмуратов, медицина кызматкерлери жана демөөрчүлөр катышты.

«Жаратканга шүгүрлөр болсун күн өткөн сайын оорудан сакайып чыккандардын саны көбөйүп, жаңы катталгандардын саны азайып жатат. Жаштарыбыз демилге көтөрүп, Алла жолунда «Тез жардам» унаасын белек кылышты. Сооп иштерди Жаратан Алла Таалам кабыл кылган болсун», деди мечит имамы Абдусами кары Бекмуратов.

Мында Фуркат айылынын 1979-жылкы жаштары «Дамас» үлгүсүндөгү автоунааны сатып алышып, жергиликтүү дарыгерлер тобуна белек кылышты. Мындан сырткары Антисептик каражаттар, медициналык беткаптар жана дары-дармектер сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Иш-чарага жалпы 200000 сомдон ашуун каражат сарпталды. Анын 170000 сому тез жардам унаасы үчүн сарпталса, калган бөлүгүнө медициналык каражаттар сатылып алдынды.

«Акыркы учурларда жаштарыбыз көлөмдүү кайрымдулук иш-чараларын уюштурууда. Алардын көпчүлүгү мечитке барып намаз окуп, дин жолунда жүргөндөр. Бул саамалык да башка жаштарыбызга чоң үлгү болот деген ишеничтемин», -деди  баш имам хатиб Абдирашит ажы Батыров.