Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Бишкек шаардык Борбордук мечитинин кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 12-август күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Бишек шаардык Борбордук мечиттин кызматкерлери менен алгачкы жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Анда негизинен мечиттин жалпы жамааты биргеликте ынтымак менен иш алып баруу, тазалыкты жана тартипти тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин баса белгилеп, колдон келишинче мечитти жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлөөрүн айтты. 

«Бишкек шаары борбор калаабыз болгондуктан ар дайым көңүл борборунда болуп келет. Ошондуктан ар бирибиз милдетибизди так аткарып, ынтымак менен биргеликте ишибизди илгерилете берели. Баарыңыздарды тактыкка жана биримдикке чакырып кетем»- деди Замир кары.