Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын таштанды полигонунда иштеген жарандарга ун таратылды

Бүгүн, 12-августа Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси Бишкек шаарынын четинде таштанды полигонунда иштеген жарандарга кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарада Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсепчиси Султан ажы Момунов полигондо таштанды терип, күнүмдүк оокатын өткөрүп келген 60 үй-бүлөгө 10 кгдан ун таратты.

Мындай кайрымдулук иш-чарасы дагы уланып, кийинкисинде 100 үй-бүлөгө берилмекчи.