Кара-Суунун Кыргызчек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 407406 сомдук медициналык каражаттар тапшырылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагында жайгашкан Кыргызчек айылынын жашоочулары мечит имамы Эгемберди ажы Джалалов менен биргеликте дарыгерлерге 407406 сомдук медициналык каражаттарды тапшырды.

Алар 6 кычкылтек концентратору, 2 тепловизор,11 пульсоксиметр, 15 коргонуучу кийим, бет кап, антисепттик каражаттар ж.б медициналык жабдыктарды сатып алып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Иш-чарага Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эгемберди ажы Джалалов, айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана айыл тургундары катышты.

Эгемберди ажы Джалалов өз салымын кошкон тургундарга ыраазычылык билдирип, кылынган ихсандардын баары жалгыз Жараткандын ыраазычылыгын алуу экенин баса белгиледи.

«Ар бир үйдөн акча топтолуп, эң азы 500 сомдон беришти. Мындай ихсандар жалгыз Жаратуучу Алланын ыраазычылыгын алуу үчүн жумшалды. Оору менен күрөшүп жаткан бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине күч кубат берсин. Кылынган ихсандар кабыл болуп, тез арада эл-журтубуз мурдагы тынчтык күндөрүнө кабылууну Аллах насип кылган болсун», — деди Эгемберди ажы Джалалов.

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров имамдардын кайрымдуулук иштеринде таасири чоң экенин кошумчалады.

«Кара-Суу району боюнча имамдарыбыз үзгүлтүктсүз кеп кеңештерин беришүүдө. Ар кандай элдик иш-чараларда ислам динин баалулуктарын жайылтып, терс көрүнүштөгү нерселерден оолак болууга чакырууда. Эл жаман эмес, эл арасындагы ээнбаштык жаман. «Элде болсо ынтымак- элден кетпейт ырыс-бак» демекчи элибиз ынтымактуу болсо, көп ийгиликтерге жетет», — деди Абдирашит ажы Батыров.

Белгилей кетсек, аталган айылда жайгашкан «Каратай уулу Сатыбек» атындагы жума окулуучу мечити күндүзгү стацианор катары пайдаланууга берилген. Ал 70 орунга ылайыкталып, бардык шарттар менен камсыздалган. Азыркы учурда мечитте бир айдын ичинде 648 жаран айыгып чыгып, үйлөрүнө кайткан.