Демөөрчүлөрдүн жардамы менен «Ак-Ордо» жаңы конушундагы «Хулафа-и Рашид» мечитинин шарттары жакшырууда

Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан «Хулафа-и Рашид» мечитинин шарттары күн санап жакшырууда. Бул ирээт мечиттин имамы Алтынбек ажы Шайдуллаевдин демилгеси менен мечитке толугу менен жаңыдан килем салынды. Мындай сооптуу ишти атын атагысы келбеген момун мусулмандар ишке ашырган.

«Биздин «Ак-Ордо» конушунда чындыгында мечитке келүүчү жамаат өтө көп. Аракет кылып мечитибиздин килемдерин жаңыладык. Буюрса колдон келген шарттарды түзүп, мечитке келген киши ибадат кылуу менен бирге өзүнүн жан дүйнөсүн да азыктандырып кетиши керек. Ал үчүн колдон келген шарттарды түзүүгө аракет жасайбыз. Салымын кошкон ар бир мекендештен Аллах Таала ыраазы болсун»— деди Алтынбек ажы.