Муфтияттын Россия Федерациясындагы өкүлү «Радуга» балдар борборуна 60 миң рубль өлчөмүндө жардам көрсөттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы «Радуга» балдар борборундагы жетим балдардан кабар алып, аларга кийим-кече жана мөмө-жемиштерди тапшырды.

« «Радуга» балдар борборунда 18 бала,  23 кыз тарбияланат экен. Балдар үчүн атайын 60 миң рублга кийим-кече жана мөмө-жемиштерди алып бердик. Балдар борборун директору Л.А.Соболева абдан ыраазы болуп, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлүнүн айтымында мындай кайрымдуулук иштери улантылып, Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Диний Башкармалыгы менен болгон кызматташтык алакалары жакшыра бермекчи.