Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши чукул жыйын өткөрдү

Бүгүн, 19-августта  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү чукул жыйын өткөрүп, бир нече зарыл маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышты. Жыйынга Азирети муфтийдин орун басарлары жана бөлүм башчылар да катышышты. Жыйындын башында дүйнөдөн кайткан аалымдардын жана мекендештерибиздин рухана багышталып Куран окулду.  Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев жана орун басарлары Ниязали Арипов жана Фархат Юсупов болуп жыйынды алып барышты.

Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, курамдан чыгуу боюнча арыз жазган Маликов Кадыр Курманбековичтин арызы канааттандырылып, анын ордуна «Ыйман» Диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси, дин таануучу, Ислам укугу жаатында илимдин доктору Мурзаибраимов Самаган Абдыразакович Аалымдар Кеңешине бир добуштан мүчө болуп кирди.

Жыйындын жүрүшүндө пандемиялык абалдын жеңилдегенине байланыштуу мурда кабыл алынган чектөөлөрдү этап-этабы менен алуу, имамдык кызматтын талаптарын күчөтүү, кадрлык сапатты жогорулатуу, дин кызматкери үчүн дициплинардык комиссиянын жобосун иштеп чыгуу жана комиссия түзүү боюнча чечимдер кабыл алынып, Дин башкармалыгына бир нече олуттуу тапшырмалар берилди. Ошондой эле шарияттагы мусапырлыктын өкүмүнө байланыштуу «масафаи сафар» (аралык) боюнча бирдиктүү фатва кабыл алынды.