«Жанбото ата» мечитинин дааратканасы кеңейтилип, жарандар үчүн жакшы шарт түзүлдү

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин дааратканасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонулууга берилди. Бул туурасында  мечиттин имам хатиби Камилжан кары Муратов билдирди. Анын айтымында мечиттин жергиликтүү жамааты колдон келген жардамдарын беришкен.

«Мечитибиз чакан, бирок базардын аймагында жайгашкандыктан келип кеткен киши көп. Андыктан чакан мечитке ылайыкталып жасалган дааратканабыз менен кыйналып жүргөнбүз. Эми 5 кабиналуу жана 1 кабина душу менен жасалып, толук бүткөрүп алдык. Алла Таала бул жакшылыкка себепкер болгондорго көптөгөн жакшылыктарды насип эткен болсун»— деди Камилжан кары.