Папан айылындагы стационар катары берилген мечит жана диний окуу борборуна жергиликтүү эл 386 миң сомдук медициналык жардам көрсөттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл  аймагындагы «Арал» окуу борбору жана «Бөрү» мечити  8-июнь күнү бейтаптарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилген. Бардык шарты бар стационар 38 орунга ылайыкталып, учурда бейтаптар кабыл алынууда.

Аталган стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын тез аранын ичинде сакайып кетүүлөрү үчүн дин кызматкерлери өз салымдарын кошуп келет.

« Учурда «Арал» окуу борборунун жетекчиси Байыш ажы Бадиров жана «Бөрү» мечитинин имамы Абдикарим  ажы Эркебаев өздөрүнүн жергиликтүү жамааттары менен биргеликте  Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн 6 кычкылтек концентраторун, 5 тепловизор,  5  пульсоксиметр, 12 коргонуучу кийим, 2 муздаткыч, бейтаптарга керектелүүчү даары- дармектер, беткапантисептик каражаттарын жана медициналык жабдыктарын сатып беришти. Кайрымдуулук ишине жалпысынан 386 миң сом жумшалган»,-деди облустук казыяттан.

«Арал» окуу борборунун жетекчиси Байыш ажы Бадировдун айтымында Папан айыл аймагынын жашоочулары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып, оору менен күрөшүп жаткан бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине тиешелүү медициналык каражаттарды, дары-дармектерди алып берүүнү чечишкен.

«Элибизге  оор күндөр келгенде айыл эли демилге көтөрүшүп, колдорунан келишинче  жардам беришти. Чет жерде иштеп жүргөн айылдаштарыбыз  дагы өз салымдарын  кошушту»,-деди Байыш ажы Бадиров.

Ал эми Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров айыл тургундары менен мечит имамдарына ыраазычылык билдирип,  мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

« Ааламга жол — айылдан башталат дегендей тоолуу аймакта жайгашкан Папан айыл аймагынын берешен инсандарынын кайрымдуулуктары ааламга жол, ааламга үлгү деп айтаар элем», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.