Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин жайнамаздары жуулуп, тазаланды

Кечээ, 19-августта Бишкек шаарындагы борбордук мечитинин короосундагы намаз окулуучу килемдер толугу менен жуулуп, тазаланды. Иш-чара  шаар казысы Замир кары Ракиевдин мечиттерди тазалоо жана таза кармоо боюнча берген тапшырмасынын негизинде ишке  ашырылууда.

«Мындан ары мечиттин бардык тарабы кезеги менен тазаланып, ар дайым тазалык  көзөмөлгө алынат. Мечитибиз шаардагы эң эски мечит болуп эсептелгендиктен  учурда оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат. Бирок, бизде бар шарттарды колдонуп, бардык жагын тазалап, ар дайым таза кармоону улантабыз.  Учурда мечиттин короосунда намаздар окулуп жатат. Учурда борбордук мечиттеги намаз окулуучу килемдерди толугу менен тазалап чыктык»,- деди мечиттин чарбалык иштер боюнча жоопкер адиси Кенжебек ажы Кекебаев.