ӨКМ кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы жума мечиттерди дезинфекциялады

Кечээ, 19-августта ӨКМ кызматкерлери Жалала-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте шаарда жайгашкан жума мечиттерди  дезинфекциялады. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков билдирди. 

“ӨКМ кызматкерлеринин элибиздин саламатчылыгы үчүн жасап жаткан иштерине ыраазычылык билдиребиз. Шаарыбыздын ичинде жайгашкан жума мечиттерди акысыз дезинфекциялап берип жатышат. Элибизден  бул илдет эртерээк кетип, амандыкта жашоону Жараткандан сурайбыз”деди баш имам хатиб.