Замир кары Ракиев: Мечиттерди каттоодон өткөрүүнү колдон келишинче тездетишибиз абзел

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиев шаардагы райондук имам хатибдер менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди. Шаар казысы айрыкча  ар кандай себептерден улам КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан  каттоодон өтө элек мечиттердин документтерине көңүл буруп, каттоодон өткөрүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар шаар казысы ар бир мечиттин документин  иликтеп, тактап чыгып, колдон келишинче бардык мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

«Шаарыбыздагы бардык мечиттерди каттоодон өткөргөнгө аракет жасайлы. Чындыгында кээ бир мечиттер жалпы конуштун документинен көз каранды экен. Ал жалпы мечит жайгашкан конуштун документтери бүткөндөн кийин гана жасалат. Андан башка мечиттерди каттоодон өткөрүүнү колдон келишинче тездетишибиз абзел»— деди шаар казысы.