Бишкек шаарынын казысы борбордук мечиттин имамдары менен жолугушуп, намаз убактысы жана жамаатты намаз окутууда өтө кылдат мамиле жасоого чакырды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиев борбордук мечиттин имамдары менен жолугушуп, намаз убактысына так болуп, жамаатты намаз окутууда өтө кылдат мамиле жасоого чакырды. Муну менен катар имам болгон кызматкердин сырткы кийими таза болгон сыяктуу эле ички жан дүйнөсү дагы Куран аяттары менен толуп турушу керектигин баса белгиледи.

«Имам имамчылыкка чыгаардан мурда Куран окуп, өзүн даярдоосу милдеттүү. Жалпы жамаатка имам болгон киши жооп берет. Чындыгында чоң жоопкерчилик милдет сиздердин мойнуңуздарда болуп турат. Ошондуктан жалпы жамаатка таасирдүү болуу үчүн алгач өзүбүз Куран окуп, ичибизди Куран менен нурдантышыбыз керек»,- деди  Замир кары Ракиев.