Азирети Муфтийдин демилгеси менен калаанын таштанды полигонунда иштеген жарандарга 1 тонна ун таратылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда эмгектенген жана күнүмдүк тамак-аш үчүн жалданып иштеп, акча тапкан жарандарга 1 тонна ун таратылды.

Иш-чарада Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү Султан ажы Момунов жана Эстебес ажы Ажыкулов бул жолу 100 үй-бүлөгө таратышты.