Маликов Кадыр Курманбекович Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп дайындалды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Маликов Кадыр Курманбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кадыр ажы Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташуу керектигин тапшырды.

Маликов Кадыр Курманбекович 1972-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМИ:

Орто мектепти аяктагандан кийин;

  • -1992-1993-жылдары Азирети Умар атындагы Ислам институтунда диний билимге ээ болгон.
  • -1995-1996-жылдары Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн.   
  • -1997-2005-жылдар аралыгында Иордания өлкөсүндөгү Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган.
  • -2004-2005-жылдары Испанияда «Complutense de Madrid» университетинин атайын курсунан билимин жогорулаткан.
  • 2007-жылы Испаниянын «Autonoma» унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

-2001-жылы Иорданиянын Амман шаарында соттук корпуста иштеген.
-2002-2003-ж.ж. КР Маданият министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүндө башкы адис.
-2006-2008-ж.ж. Кыргыз-Орус Славян университети, улук илимий кызматкер.
-2010-2012-ж.ж. КР ГСКН, Байкоочу кеңештин мүчөсү.
-2009-2013-ж.ж. КР ИИМ министринин коомдук кеңешчиси.
— 2017-2020-ж.ж. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.
— Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.
-КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык Академиясынын и.о. доценти.
— «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору.
Кадыр ажы буга чейин жана бүгүнкү күндө эл аралык жана жергиликтүү журналдардын редактору, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келе жатат.

СЫЙЛЫКТАРЫ:

Маликов Кадыр Курманбекович бир канча министрликтердин жана мамлекеттик уюмдардын Ардак Граммотасы менен сыйланган. Кыргыз Респулбикасынын Президентинин колунан да сыйлык алган.