Бишкек шаарынын казысы Биринчи май жана Свердлов райондорунун башкы имам хатибдери менен жолугушуп, мечиттердин каттоо иштери менен таанышты

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиев шаардын Биринчи май жана Свердлов райондорунун башкы имам хатибдери менен жолугушту.

Жолугушууда шаар казысы мечиттердеги тазалык, мечиттердин документтерин толуктоо жана мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин кагаз иштерин тездетүү боюнча ыкчам аракеттерди көрүү керектигин баса белгиледи.

«Шаарда бир нече мечит мамлекеттик каттоодон өтө элек. Айрымдары жеке менчик ээлеринде катталса, кээ бир мечиттер ар кандай фонддордун балансында катталган. Биз эми колдон келген аракетти жасап, бул иштерди тездетүүбүз керек»,- деди шаар казысы