«АРДИ» майып балдардын бирикмесине, Бишкектеги карылар үйүнө жана муктаждарга 1 тонна ун тапшырылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен  «АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине (карылар үйү) жана муктаж үй-бүлөлөргө 1 тонна ун тапшырылды. Саамалыкка КМДБнын өкүлү Султан ажы Момунов катышып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мындан ары дагы бул мекемелер менен кызматташуусун уланта бере тургандыгын билдирди.