Бишкек шаарынын казысы: Мечитке келген жаран мечиттен жакшы мамиле, жылуу сөз угуп кетүүнү каалайт

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев борбордук мечиттин кызматкерлерине  жыйын өтүп, анда шаар казысы ар кандай маселелер менен кайрылган карапайым жарандарга карата мечит кызматкеринин мамилеси, нөөмөтчү кызматкердин дайыма кызмат ордунда болуусу жана ишти натыйжалуу алып баруу сыяктуу бир катар талаптарды койду. 

Муну менен катар шаар казысы ар бир ишти жоопкерчилик менен аткарып, Пайгамбарыбыз САВ көрсөтүп кеткен жолдо үлгү болууга чакырды.

«Борбордук мечит шаарыбыздын эң эски мечити. Бул жерде көптөгөн бир туугандарыбыз кызмат кылып кетишти. Биз дагы колдон келген аракетибизди жасайлы!  Биргеликте Алла Тааланын  жолунда динибизге кызмат кылалы. Себеби, мечитке келген жаран мечиттен жакшы мамиле, жылуу сөз угуп кетүүнү каалайт. Биз да ошого татыктуу болгонго аракет жасайлы»,-деди шаар казысы.