Бишкек шаарынын казысы Биринчи май районунун имамдары менен жолугушуп, мечиттерди каттоодон өткөрүүдөгү көйгөйлөр менен таанышты

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Биринчи май районунун жалпы имамдары менен жолугушуп, мечиттердин каттоосун тездетүү боюнча тапшырма берди. Жыйындын жүрүшүндө каттоодон өтө элек мечиттердин көйгөйлөрү каралып, жаңы конуштарда жайгашкан мечиттердин көпчүлүгү жердин документтери толук бүтө электигине байланыштуу мүмкүн болбой жаткандыгы айтылды. 

«Биринчи май районундагы үч мечиттин документ иштери бүтүп калды. Эми мамлекеттик каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Шаарыбыздагы каттоодон өтө элек мечиттердибиздин тиешелүү иш кагаздарын толуктап, кыска убакытта каттоодон өткөрөлү деп турабыз»,-деди шаар казысы.