Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарындагы «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде имамдар жана медресе мүдүрлөрү менен жолугушуп, алардын отчётун укту

Бүгүн, 25-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ордолуу Ош жергесине жасаган расмий иш сапарынын алкагында борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде шаардагы бийлик өкүлдөрү, жалпы мечит имамдары, медресе мүдүрлөрү жана мугалимдер менен жолугушту.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарынын казылары, Ош шаарынын вице-мэри Шадыханов Эмил Токтосунович, СЭСтин орун басары Курбаназаров Сүйүн Алимбекович, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Ажибаев Алишер Батырович катышты.

Жолугушуу алкагында нике каттоо журналынын ишке ашуусу, диний окуу жайлардын  абалы жана  жаңы окуу жылына карата онлайн кабыл алуулар, онлайн режиминде сабак өтүүгө даярдыктар, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу жана аны бекемдөө боюча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү, ысырапкерчиликти токтотуу маселеси каралды.