Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош облусундагы райондордун баш имам хатибдери менен жолугушту

Бүгүн, 25-август күнү Кыргызстан мусулмандар Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында райондордун баш имам хатибдери менен жолугушту.

Жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Исакбай Камалович, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, казыят кызматкерлери жана райондордун баш имам хатибдери катышты. Жыйында Азирети муфтий пандемия учурунда каза болгон  маркумдарды, аалымдарды, дин кызматкерлерин эскерип, аларга багыштап Куран окуду.

Жыйындын жүрүшүндө Азирети муфтий мечит, медреселерде санитардык сактык чараларын көрүү, дин кызматкерлеринин жоопкерчилиги, нике каттоо журналын ишке ашыруу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу, ысырапкерчиликке каршы күрөшүү жана улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө боюнча баяндамасын жасады. 

«Имам айыл үчүн жоопкер болсо, баш имам райондун ишине жоопкер. Андыктан ар бир кылган иштин натыйжалуу жана жемиштүү болушу үчүн аракет жана эмгек керек. Андыктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, эл арасында түшүндүрүү иштерин талыкпай жүргүзүп туруу зарыл»,-деди Азирети Муфтий.