Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков: Жылдын аягына чейин пландалган ишибиздин аягына чыгууга аракет көрөбүз

2020-жылдагы аткарылып жаткан иштерди талкуулашты. Облус казысы пандемияга байланыштуу бир топ пландык иштер үзгүлтүккө учурагандыгын билдирип, мындан ары жыл башында бекитилген пландык тапшырмаларды аткарууга казыят бардык күчүн жумшоосу керектигин баса белгиледи.   

“Кырдаалга байланыштуу имамдардын, дааватчылардын билимин жогорулатуу курстарын өткөрүү иштерин эсепке албаганда, ысырапкерчиликти бөгөттөө, конфессиялар, этностор аралык мамилелердин бекемделишине болгон аракеттер мүмкүнчүлүккө жараша аткарылды. Жылдын аягына чейин пландалган ишибиздин аягына чыгууга аракет көрөбүз”,- деди облус казысы.

Мындан сырткары  калк жана жаштар арасында терс диний агымдардын алдын алуу, мечиттердин каттоосу,  тазалыгы, имамдардын айлык отчётторунун тапшырылуусу жана кайрымдуулук иштери боюнча маселелер каралды.