Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Өлкө боюнча мечит жана медреселерден 700 орун даярдалып, обсервация жана күндүзгү стационар катары кызмат кылды

Бүгүн, 25-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагындагы күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилген 50 орундуу «Абу Ханифа»  медресесинин абалы менен жеринде таанышты.  

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз ажы Закиров, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби  Абдирашит ажы Батыров, казыят кызматкерлери жана медресе окутуучулары катышты.

Азирети муфтий  Максатбек ажы Токтомушев адамдын ден-соолугу алдыңкы орунда тураарын баса белгилеп, өлкө боюнча обсервация жана күндүзгү стационар катары 1415 орун берилгенин баса белгиледи. 

«Буга чейин 8-июлда биз обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1415 орун берүүгө даяр экенибизди маалымдаганбыз.  Өлкө боюнча Ысык-Көл облусунан башка облус, шаарларда 700 орун обсервация жана күндүзгү стационар катары берилди. Алар 12 мечит,  11 диний окуу жай. Кудай сактасын, эгер абал дагы курчуп кетсе 110 медресе, 3000 мечитибиз даяр», — деди Азирети  муфтий.

Эскерте кетсек,  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусуна расмий иш сапары менен келген.