Бишкек шаарынын казысы калаадагы мечиттердин документтерин өз көзөмөлүнөн өткөрүүдө

Бүгүн, 25-август күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев ордо калаанын  Ленин районундагы документтери толук бүтө элек мечиттердин  имамдары менен жолугушту. Жолугушууда шаар казысы мечиттерди  каттоодон өткөрүүдөгү көйгөйлөр менен кылдат таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. 

«Чындыгында шаардагы мечиттердин документтеринин  бүтпөй жаткандыгында ар түрдүү көйгөйлөрү бар экен. Айрыкча жеке менчик ээлерине катталган мечиттер каттоодон өтпөй келет. Биз колдон келген аракетти жасап, тиешелүү тараптар менен иштешип, бул маселени чечкенге аракет кылабыз»,-деди  шаар казысы.