Бишкек шаарындагы «Хулафа-и Рашид» мечитиндеги жергиликтүү жамаатка Куран китеби белекке берилди

Бишкек шаарындагы «Хулафа-и Рашид» мечитинде имамдын демилгеси менен жергиликтүү жамаатка Куран китептери таркатылды. Бул туурасында имам Тажидин уулу Алмазбек билдирди

«Алла Таалама шүгүр, мечитибиз күн санап алдыга карай өнүгүүдө. Жакшы шарттар түзүлүп, жарандарыбыздын ички дүйнөсүн да нурдантуу максатында Куран китептерин тараттык. Эми бул китептерди окуй алгандар окуса, өтө чоң сооп, окууну билбегендер ниет кылып  үйрөнөт деген үмүттөмүн»— деди Алмазбек Тажидин уулу.