Чүй аймагындагы мечиттерде жума намазы талаптарды сактоо менен өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айрым мечиттерге эскертүүлөр берилди

Чүй облусундагы жума намазы окулуучу мечиттерде санитардык эрежелер сакталуу менен жума намазы окулуп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муну менен катар КР Саламаттык  сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, мечитке келген жарандарга бардык эрежелердин так аткаруусун көзөмөлдөө үчүн атайын ыктыярчылар тартылгандыктан Чүй аймагындагы мечиттерде одоно тартип бузуулар катталган эмес.


«Жума намазга келүүчүлөр абдан көп болгондуктан, айрым мечиттерде орундар аз болуп, 1.5 метр аралык так сакталбаган жана  элдин арасында беткапсыз жүргөн жарандар да болду. Аларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди»,-деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.

Муну менен катар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ден соолук аманат экендиги, мечитке келүүдө жайнамаздарды ала келип, башкалардын өмүрүнө кыянаттык кылбоого чакырышты.