Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев: Бардык талаптарга элибиз да түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерге баш ийүүдө

Бүгүн, 28- август күнү Бишкек шаарындагы бардык жума окулуучу мечиттерде санитардык эрежелерди так сактоо менен жума намазы өткөрүлдү. Шаар казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасына ылайык саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык аралыктар сакталып, бет кап тагынып жана жайнамаздарды алып келүү шарттары кылдат көзөмөлдөндү.

«Алла Таалама шүгүрлөр болсун! Бардык талаптарга  элибиз да түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерге баш ийүүдө. Буюрса тартип, ынтымак менен бардыгы ордуна келет», -деди шаар казысы.