Нарында жума намаздары сактык чаралары сактоо менен башталды

Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, бүгүн 28- август күнү Нарын  облусу боюнча жума окулуучу мечиттерде жума намаздары өткөрүлдү.

Муфтияттын буйругу жана Нарын казыяты тарабынан жума намаздарын өткөрүү талаптарын толук сактоо максатында, шаар-райондук хатибияттарга тапшырмалар берилген. Жума намазын окуу үчүн  мечитке келгендерге   аралыгы 1.5 метр кылынып жайнамаздарды салып, антисептикалык каражаттарды колдонуу менен бирге, намазга келгендерге сактык чараларын сактоо керек экендиги баса белгиленди. 

Маалымат үчүн айта кетсек,  саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык беш убак жамаат намазын, көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен өтүп келген.