Ош шаарында жума намазы эрежеге ылайык өткөрүлдү

Бүгүн, 28-августта Ош шаарындагы жума окулуучу мечиттерде мечит кызматкерлери жана ыктыярчы топтун жардамы менен жума намазы эрежеге ылайык өткөрүлдү.

Шаар казысынын айтымында буга чейин жума окулуучу мечиттердин имамдарына тапшырма берилип, намазга келүүдө беткаптын тагынуусу жана аралыктын сакталуусун кароо керектигин эскертилген.

«Беткапсыз келип калган жарандар үчүн жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан беткаптар таратылды. Жакындан жардам көрсөткөн милиция кызматкерлерине жана ыктыярчы топко ыраазычылык билдиребиз», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Айта кетсек, Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу 78 мечит бар. 41 мечитте жума намазы окулат.